Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Россиянын өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

 Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Россиянын өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

 

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

 

Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Связанный пост