Бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Сенат Төрагасы Маулен Ашимбаев менен бирге Астана шаарындагы Достук үйүнө барып, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган сүрөт көргөзмөсүнө күбө болду. Алсак, көргөзмөгө залкар калемгердин Казакстандын мамлекеттик архивдеринде сакталган уникалдуу сүрөттөрү коюлган. Андан соң Төрага Достук үйүндөгү кыргыз улутуна таандык бөлмөгө баш багып, андагы маданий-руханий […]Читать далее
КР ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштын учурдагы абалы тууралуу сөз болуп, бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Кыргызстан Казакстан менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеген Төрага Нурланбек Шакиев байланыштарды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экендигин кошумчалады. Муну менен […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы менен жолугушту
Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында коңшу өлкөнүн Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Жолгушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапар менен келүүгө чакырып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Сенат […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Астана шаарындагы «Мекен коргоочулар» монументине гүлчамбар койду
Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Казакстан Республикасындагы расмий иш сапары Астана шаарындагы “Мекен коргоочулар” монументине гүлчамбар коюу менен башталды. Алсак, көп улуттуу Казакстан мамлекетинин биримдигин даңазалаган аталган монумент 2001-жылы ачылган. Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Сенат Төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен Казакстан Республикасына расмий иш сапары менен барган. […]Читать далее
Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстан Республикасынын Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Алсак, расмий иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле […]Читать далее
Бүгүн, 23-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында түзүлгөн жумушчу топтун кеңейтилген отурумуна катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Алсак, Жогорку Кеңеште өткөрүлгөн жыйынга депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган. Жыйында сөз […]Читать далее
Жогорку Кеңешитин Төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Өлкөдөгү өзгөрүүлөр менен жаңылануулар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда эмгектенген адистердин аткарган ишине көз каранды. Анткени, жогорку адискөйлүк, ак […]Читать далее
22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо үчүн түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусу жабык эшик артында каралды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Аталган маселени кароонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш депутат Адахан Мадумаровду “Бийликтен аша чабуу” беренеси боюнча кылмыш […]Читать далее
Жогорку Кеңеш «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун укту Жогорку Кенештин жыйынында Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 16-июнунда №341-VII токтому менен түзүлгөн «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулду. Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин корутундусу менен анын төрагасы Шайлообек Атазов тааныштырды. Ал белгилегендей, Кыргызстан профсоюздар федерациясы […]Читать далее
Комитет Энергетика министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын укту. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын укту. Бул багыттагы маалыматтар менен энергетика министри Таалайбек Ибраев тааныштырды. Ал […]Читать далее