Нурланбек Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасына өрткө байланыштуу көңүл айтты

 Нурланбек Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасына өрткө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзиге аталган өлкөнүн Цзянси провинциясынын Синьюй шаарында катталган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат:

“Цзянси провинциясынын Синьюй шаарындагы көп кабаттуу имаратта чыккан өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан Сизге, кырсыктан каза болгон маркумдардын жакындарына жана жалпы Кытай элине көңүл айтып, табигый кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”

Связанный пост