Тармактык комитетте Министрлер кабинетине «Керемет Банктын» акцияларын сатып алуусу тууралуу мыйзам долбоору талкууланды

 Тармактык комитетте Министрлер кабинетине «Керемет Банктын» акцияларын сатып алуусу тууралуу мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, 22-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө»   мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору тууралуу КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев маалымат берди. Долбоордо Министрлер кабинети «Керемет Банктын» ААКнын Улуттук банкка таандык 7 126 432 000 (жети миллиард жүз жыйырма алты миллион төрт жүз отуз эки миң) сом өлчөмүндөгү («Керемет банктын» 100% таза капиталынын 97.45%) акциясын сатып алуусу сунушталууда.

Министрлер Кабинети тарабынан активди сатып алуу боюнча бүтүм фондулук биржадан тышкары, тактап айтканда, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине түз которуу жана «Керемет Банк» ААКсында  баалуу кагаздары бар жеке тараптардын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылмакчы. Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык Улуттук банктан «Керемет Банк» ААКсынын акцияларынын пакети Министрлер кабинетине өтүшү менен ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган комиссиялык жыйымдардан жана алымдардан бошотулат.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева «Керемет Банктын» акцияларын сатып алуу үчүн каржы булактары боюнча маселе көтөрдү. Депутат Айсаракан Абдибаева 7 миллиард сом тууралуу сөз кылып: «Бул активби же накталай акчабы?»,-деген суроону койду. Улуттук банктын төрагасы аталган сумма «Керемет Банктын» активдери экенин билдирди. Ал эми депутат Камила Талиева 2023-жылда «Керемет Банк» канча киреше тапканынан сурады. Улуттук банктын маалыматы боюнча өткөн жылы банктын таза кирешеси 1 млрд сомду түзгөн.

Связанный пост