Муфтий Замир Ракиев 15-августта Бишкектеги имам Сарахсий мечитинде айымдарга президент Садыр Жапаров тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аял затынын исламдагы ордун түшүндүрдү. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, жоолуктар муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борборунун лидерлери жана окуучуларына берилген. Саамалыкка КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны […]Читать далее
Аламүдүн районунда 21 жаштагы кыз Ала-Арча суусуна түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Арча эс алуу жайында Ала-Арча суусуна 2001-жылы туулган Т.Г. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 18:20да аталган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Читать далее
Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагында 2022-жылы 12-августында суюк азот өндүрүүчү завод ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба долбоолорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, суюк азот малды жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат. Жаңы ишкана суткасына 312 литр суюк азотун чыгара алат, ал түштүк аймактарды камтыйт. Ал эми 2021-жылы сентябрда ушундай эле завод түндүк аймактар үчүн Чуй […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда президенттин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун алкагында кызматташуу талкууланды. Мында […]Читать далее
8-14-август аралыгында Чүй районунун аймагында “Кара куурай” коддук аталыштагы ыкчам алдын алуучу иш-чаранын 2-этабы өткөрүлдү. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй районунун Арал айыл өкмөтүнүн айыл башчысы менен биргеликте Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Арал айылынын чыгыш тарабында жайгашкан аймакта жапайы өскөн кара куурай орулуп, тазалоо иш-чаралары өткөрүлүп, болжол менен 200 […]Читать далее
14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы билдирди. Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу 2022-жылдын 15-августунан 20-августуна чейин №14 троллейбус Бейшеналиева-Москва-Фучик көчөлөрү менен жүрөт. Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт!Читать далее
Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, издөө иштери сууга чөгүп кеткен адамдарды издөө 20-күнү токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат. “ӨКМдин куткаруучулары жана суучулдар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон жок. Издөө […]Читать далее
16-17-августта Бишкектин айрым райондорунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №83 турак жайдын электр энергияга кошулуусуна байланыштуу 8-кичи райондогу №47 үйдүн насостук станциясын өчүрүү зарыл. Ага байланыштуу эртең, 16-августта саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү турак жайларда таза суу берүү токтотулат: 8-кичи район. №45, №46, №47, №45/1, №46/1, №46/4; Токомбаев […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Түп районунда 1400 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 14-августта саат 19:10 чамаларында Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы турак үйлөрдүн биринин коросундагы бастырмада жыйналган чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 20:00 […]Читать далее
Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 26-28-сентябрь күндөрү “Антиконтрафакт” Х эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарада товарларды идентификациялоо жана мониторинг жүргүзүү, бажы, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн онлайн-соода жана IT технологияларды колдонуу маселелери талкууланат. Форум “Жаңы чакырыктар – […]Читать далее