Абу-Дабиден Бишкекке жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

 Абу-Дабиден Бишкекке жаңы авиакаттам ачуу пландалууда
2023-жылдын 1-июнунан тарта Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча эки өлкөнүн борборун бириктирген үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «МЭА» ААКнун басма сөз кызматы маалымдады.
«Манас» эл аралык аэропортунан Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылмакчы.
Каттамдар Airbus Neo 321 учактары менен жумасына 3 жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.
Бул каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайбыз.

Связанный пост