Эверестти багындырган ишкер Кадыр Сайдилкан Кыргызстанга кайтып келди

Бүгүн, 26- майда дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган  ишкер жана альпинист Кадыр Сайдилкан өлкөгө келди.
     Кадыр Сайдилкан үчүн Эверест “7 континенттеги 7 чоку” долбоорунун алкагында багындырган алтынчы чоку болуп калды, биздин баатырыбыз Килиманджаро (Африка) 5895м., Эльбрус (Европа) 5642м., Аконкагуа (Аргентина- Түштүк Америка) 6962 м. “Денали (Аляска- Түндүк Америка) 6194 м., Массив Винсон (Антарктида) 4897м. жана биздин планетадагы эң бийик чоку Эверест Непалда (Азия) 8848 м чокуларын рекорддук 16 ай ичинде багындырганга жетишти. Долбоорду жыйынтыктоочу акыркы чоку жетинчи континентте, тагыраагы  Австралияда, Карстенс пирамидасы (Пунчак- Жая), 4884 м болуп эсептелет. Кадыр Сайдилкан бул чокуну да багындырган соң, планетабыздын жети континентиндеги 7 бийик чокуну багындырса, азыркы Кыргызстандын тарыхында ардактуу ордун ээлеген биринчи  кыргыз альпинист болуп калат.
   Кадыр Сайдилканды аэропорттон Кыргызстандын альпинизм федерациясынан өкүлдөр жана  жакын туугандары, достору, кесиптештери тосуп алышты, ….
«Элибиз үчүн ыйык мааниге ээ, эркиндиктин жана эгемендүүлүктүн символу болгон «Манас» эпосу менен бирге Эверестте дагы бир жолу кыргыз желегин  желбиретип мекениме кайтып келгениме абдан кубанычтамын», – деди К. Сайдилкан. Ошону менен бирге жылуу тосуп алган бардык жакындарына  ыраазычылык билдирди.
   “Чокуга чыгуу 35 күнгө созулду. 17- майда шерп Тцеринг менен бирге чокуга жеттик. Ошол эле учурда татаал, кооптуу, бирок кызыктуу маршрут менин жүрөгүмдө түбөлүккө сакталат. Мен мекендештеримдин колдоосун сездим, рахмат!» — деп кошумчалады Эверестке ийгиликтүү чыккан үчүнчү Кыргызстандык альпинист.
    “Мен бийиктикке чыгуумду Кыргызстандын күчтүү, кыйынчылыктарды жеңген, ийгиликтүү, өлкөнү өнүгүүгө, өсүүгө алып барган аялдарына арнадым. Өлкөбүздө, аялдар саясатта, экономикада, коомдук турмушта аялдардын көбүрөөк колдоого алынышын каалайт элем. Мен аялдарга жана балдарга карата зордук- зомбулуктун ыплас көрүнүштөрүнөн арылып, мүмкүнчүлүктөрдүн тең болушуна шарт түзүшүбүздү каалайм!», – деп сөзүн жыйынтыктады альпинист Кадыр Сайдилкан.

Связанный пост