Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө жаңы имарат курулууда

Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө жаңы имарат курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору маалымдады.

Курулушка 300 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Облустук оорукананын жаңы корпусу 90 орунга ылайыкташып, ушул жылдын ноябрь айында курулуш иштери бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн имараттары 1958-1960-жылдары курулган. Имараттардын эскилиги жеткендигине байланыштуу соңку жылдары бейтаптар менен дарыгерлерге түйшүк жаратып келген.

Эскертке кетсек, аталган оорукананын курулушу Жалал-Абад шаарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Связанный пост