Анкарадан Бишкекке жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

 Анкарадан Бишкекке жаңы авиакаттам ачуу пландалууда
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК туркиялык AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте 2023-жылдын 3-июнунан тарта Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча жаны каттам ачууну максат кылууда.
Түркиянын борборуна аба каттамдары жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.
AnadoluJet лоукостери Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы.

Связанный пост