Каракол — Эңилчек жолунун 76-85-чакырымына кар көчкү түштү

Бүгүн ӨКМдин Ысык- Көл облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаевдин жетекчилиги менен ыкчам топ Эңилчек айылынын жашоочуларынан жана жайыттардагы малчылардын абалынан кабар алууга аттанышкан. Себеби, бул аймакка каттаган жолго кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган.

КР ӨКМ пресс-борборунун маалыматына ылайык, Каракол — Эңилчек унаа жолу 24-майда кечки саат 18:30да каттам бир тараптуу ачылган.

Белгилей кетсек, 24-май күнү саат 3:30да аталган унаа жолунун 76-85-чакырым аралыгында жалпысынан 96651 м3 кар көчкү жүрүп, анын 9679 м3у жолго түшүп жол жабылган. Тазалоо иштерине жалпысынан жергиликтүү ЖТИден 2 бульдозер, 2 жүктөгүч тартылган.

Связанный пост