Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы “Колдон колго” коомдук бирикмесинин ресурстук борборуна барды. Эдил Байсалов борбордун адистеринин иши менен таанышып, аутизм спектри бузулган балдардын ата-энелери менен баарлашты. Баарлашуунун жүрүшүндө аутизм менен ооруган балдардын ата-энелери туш болгон кыйынчылыктар, тактап айтканда, так диагноз алуу, аймактарда адистештирилген жардамдын жоктугу, баштапкы медициналык-санитардык жардам (БМСЖ) көрсөтүүчү дарыгерлердин […]Читать далее
№ 84, 74, 79 жана 40 мектептерде балдар катуу тиричилик калдыктарын сорттоону үйрөнүшөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Окуучулар эми пластик, кагаз жана айнекти ачык түстөгү таштанды челектерге ыргыта алышат. Окуучулар менен таштандыларды туура сорттоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жакында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өзүнчө таштанды челектерин коюу пландалууда. Маалымат: долбоор Кыргыз […]Читать далее
КР ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. 2023-жылдын 7-апрелинде күндүз жана 8-9-апрелдерде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык үстүбүздөгү жылдын 6-9-апрелинде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга күтүлүп жаткан байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин төрагалыгы алдында экологиялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, КРнын Экология министрлигине караштуу мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле ЖОЖдордун жана «Арча демилгеси», «Жашылдандыруу» коомдук фонддорунун жана “Эко деми”, “Бишкек смог” уюмдарынын өкүлдөрү катышты. […]Читать далее
Көрктөндүрүүнү көзөмөлү боюнча инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте башаламан таштандыларды таштоо фактыларын аныктоо боюнча түнкү рейддерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 2 күндүн ичинде үч район боюнча 6 тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды. Ишкананын чыныгы көйгөйү өнөр жай таштандыларын акы төлөбөстөн, тымызын, көбүнчө түн ичинде […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын баштады. Ал ушул жылдын 1-майына чейин жүргүзүлөт. Аталган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр декларацияны тапшырууга милдеттүү: – жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; – менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар; – юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан […]Читать далее
Талас шаарынын мэриясынын жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери базардын айланасын ирээтке келтирүү максатында рейд жүргүзүү иштерин улантууда. Көзөмөл иштерин жүргүзүүдө соодагерлердин өзүнө тийиштүү соода күркөлөрүнөн тышкары жөө адам өтүүчү тротуарларда, жол тилкелеринде башаламан соода иштерин жүргүзүп жаткан сатуучулардын соода кылууга ылайыкталган темир такталары алынып, базардын тегереги ирээтке келтирилди. Белгилей кетсек, айрым соодагерлер […]Читать далее
Бүгүн таң эртеден тартып “Транзит” жогорку каналынан Скрябин көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин Биринчи май районунун аймагына сугат суусу берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Сугат суусунун агымы Совет жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн аянтын, ошондой эле Эркиндик бульварын толугу менен камтыйт. Суу агымынын көлөмү секундасына 200 литрди түзөт. Сугаруу ишин «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы […]Читать далее
Баткен шаарынын Чет-булак, Туура-Таш участкаларынын жана Самат Садыков көчөсүнүн жашоочуларына ичүүчү суу берилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Таза суу обьектисинен КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алды. Жер астынан суу тартып чыгаруу жумуштарын аткарууга шаардык мэрия 2 млн каражат ажыраткан болсо, 1млн […]Читать далее