ӨКМ: Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт

 ӨКМ: Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт

КР ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. 2023-жылдын 7-апрелинде күндүз жана 8-9-апрелдерде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

7-8-апрелдерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге, 9-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Связанный пост