Бийлик өкүлдөрү Ош шаарынын тургундары менен жолугушту

 Бийлик өкүлдөрү Ош шаарынын тургундары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош шаарынын тургундары менен жолугушту.

Ош шаарынын тургундарынын суроолорунун басымдуу бөлүгү активдүү иш жүргүзүп, буга чейин ондогон жарандарды алдап кеткен коммерциялык эмес турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнө тиешелүү болду.

Көптөгөн кайрылуулар шаар четиндеги (дача) кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылык схемаларынын кесепеттерине тийиштүү.

Турак жай маселесиндеги даттануулар көп түшкөндүгүнө байланыштуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган маселени көзөмөлгө алууну убада кылып, көзөмөл органынын тармактык түзүмдөрүнө жабыркагандардын ар бири менен жолугушууну тапшырды.

Эртең Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун жашоочулары менен жолугушууну пландоодо.

Связанный пост