Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү өтмөк жарыктандырылды

 Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү өтмөк жарыктандырылды

Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү өтмөк жарыктандырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарыктандыруу үчүн 1600 метр узундуктагы кабелдик каналдар, 800 метр неон лента жана ушундай эле өлчөмдөгү ВВГ зым колдонулган. Ошондой эле 68 дубал чырагы, 50 сигналдык чырак жана 14 прожектор орнотулган.

Белгилей кетсек, жарыктандыруу иштери «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Связанный пост