Кочкордо райондук прокуратуранын кызматтык үйү пайдаланууга берилди

 Кочкордо райондук прокуратуранын кызматтык үйү пайдаланууга берилди

Бүгүн, 12-сентябрда Кочкор райондук прокуратурасынын ыкчам кызматкерлери үчүн кызматтык үйдүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге башкы прокурор Курманкул Зулушев, Нарын облустук жана Кочкор райондук прокуратурасынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада башкы Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап, элдин ишенимин кайтарып, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Жети батирлүү эки кабаттуу кызматтык турак жайдын курулушу 2021-жылдын ноябрында башталып, 10 айда бүткөрүлдү.

Связанный пост