16-октябрда саат 16:00дө “Ынтымак-2” сейил багынын амфитеатрында КРнын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы “Манас” Президенттик оркестринин классикалык музыкасынын концерти өтөт. Көркөм жетекчиси жана дирижёру – КРнын Эл артисти Эрнис Асаналиев. Маданий иш-чара оркестрдин кайрымдуулук концерттеринин алкагында жана КР Президентинин Иш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. Кирүү акысыз. Маалымат үчүн телефондор: 0312 665-921; 0550 […]Читать далее
Замирбек Үсөнбаевдин репертуарындагы чыгармаларды аткаруучулар арасында кароо сынак жарыяланат
Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн кароо сынак жарыяланат. Кайсы чыгармалар: 1.Олжобай менен Кишимжан 2.Кожожаш 3.Гөзал кыз 4.Кызыл туу кыргыз кыздары 5.Жыргалын кулкун эл менен 6.Акбаары 7.Кырк серке жайлоосундагы айтыш 8.Чонду акын”Кези кези келгенде” 9.Эненин арманы 6 уулунан айрылганы 10.Комузчуларга […]Читать далее
Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Актилек Мусаева менен жолугушуусу болуп өттү. Министр элчи айымды жылуу кабыл алып, аны кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди. Элчи өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды мындан […]Читать далее
6-октябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Кыргызстандын жана Корея мамлекетинин кинематографистери менен жолугушту. Жолугушууга Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жана Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргыз фильм ” киностудиясын директору Акжол Бекболотов, катышты. Жолугушууда тараптар Кыргызстанда биргеликте кинофестиваль уюштуруу жана кино индустриясын чогу өнүктүрүү боюнча сөз кылышты. Корея […]Читать далее
6-октябрда «Ала -Тоо» аянтында «Келечек» мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында: «Китепкөй Ала-Тоо» аттуу флешмоб уюштурулду. Флешмобго Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү да катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар, шаардын тургундарына жана конокторуна китеп адамдын жашоосунда кандай маанилүү роль ойноору тууралуу кеңири маалымат беришти, ошондой эле китеп сүйүүчүлөр бири -бири менен китеп алмашуусуна мүмкүнчүлүк […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Максутовду тааныштырды. Эдил Байсалов өз сөзүндө жаңы жетекчинин ишине ийгиликтерди каалап, заманбап тенденцияларды эске алуу менен ыкчам иштөө маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал өз сөзүндө, Министрлик мамлекеттин идеологиялык өзөгү болуп, маданият, маалымат, спорт, […]Читать далее
Бишкек шаарында жаштарга арналган бир жумалык маданий иш-чара башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият министрлигинин колдоосу менен “Кыргызстандагы элди окутуу” ассоциациялык уюму тарабынан ишке ашырылмакчы. “Аталган саамалык кечээ, 3-октябрда “Ынтымак” паркын жашылдандыруу иштери менен башталды. Ага министрликтин кызматкерлери да катышты. Маданият жумалыгы 9-октябрга […]Читать далее
Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Президент Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон жарлыктын негизинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат Капарович берген арызына ылайык ээлеген […]Читать далее
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейин “Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!” деген ураан алдында өттү. Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынады: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, аба күрөшү (ашыртмалы, капышмалы), пахлавани, казак күрөшү, […]Читать далее
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди. Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта өттү. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын […]Читать далее