Кореянын кинематографистери Кыргызстанда кинофестиваль өткөрүүгө кызыктар

 Кореянын кинематографистери Кыргызстанда кинофестиваль өткөрүүгө кызыктар
6-октябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Кыргызстандын жана Корея мамлекетинин кинематографистери менен жолугушту.
Жолугушууга Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жана Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргыз фильм ” киностудиясын директору Акжол Бекболотов, катышты.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанда биргеликте кинофестиваль уюштуруу жана кино индустриясын чогу өнүктүрүү боюнча сөз кылышты.
Корея тарап Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда кинофестиваль өткөрүүгө кызыкдар экенин айтып, Кыргызстан аны уюштуруу маселесин иштеп чыгууга даяр экенин белгиледи.

Связанный пост