Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду. Жарлыкка президент кол койду

 Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду. Жарлыкка президент кол койду

Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Президент Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон жарлыктын негизинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат Капарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост