V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт

 V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди.

Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта өттү.

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынады: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.

Связанный пост