Бишкекте «Китепкөй Ала-Тоо» аттуу флешмоб уюштурулду

 Бишкекте «Китепкөй Ала-Тоо» аттуу флешмоб уюштурулду
6-октябрда «Ала -Тоо» аянтында «Келечек» мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында: «Китепкөй Ала-Тоо» аттуу флешмоб уюштурулду. Флешмобго Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү да катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар, шаардын тургундарына жана конокторуна китеп адамдын жашоосунда кандай маанилүү роль ойноору тууралуу кеңири маалымат беришти, ошондой эле китеп сүйүүчүлөр бири -бири менен китеп алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Белгилей кетсек, аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен, “Кыргызстандагы элди окутуу” ассоциациялык уюму уюштурган.

Связанный пост