Алтынбек Максутов Кыргызстандын Кытайдагы элчиси менен жолугушту

 Алтынбек Максутов Кыргызстандын Кытайдагы элчиси менен жолугушту
Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Актилек Мусаева менен жолугушуусу болуп өттү.
Министр элчи айымды жылуу кабыл алып, аны кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.
Элчи өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Андан соң, тараптар маданият, туризм жана кино тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулап, пландалган долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана эки өлкөнүн маданият жана туризм ведомстволорунун ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды кармап туруу боюнча макулдашышты.

Связанный пост