Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Сиздерди 23-сентябрь ‒ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргыз тили – улуттук иденттүүлүктүн негизи, улуттук наркыбыздын өзөгү, руханий азыктануубуздун булагы. Ал – […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры эл аралык фестивалда жеңүүчү аталды. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдргендей, Бишкек драма театры 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин Брест шаарында өткөн XXVI Эл аралык “Белая Вежа – 2022” театралдык фестивалында “Тарыхый эс тутумдун ишке ашырылышы” номинациясынын жеңүүчүсү болду. Фестивалга дүйнөнүн 9 мамлекетинен: Армения, Беларусь, Болгария, Греция, Дания, Польша, […]Читать далее
Обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматта Колдошев буга чейин маданият министринин орун басарлык кызматын аркалап келген Салтанат Аманованын ордуна келгендиги айтылат. Ошондой эле Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду. Борбордук аппараттын кызматкерлери менен болгон […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн башаты болгон, кыргыздын өзгөчө символу – Комуз күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз, кыргыз атка конгону жанында комузу кошо жаралгандай. Ошондон бери кыргыздын эрмеги – комуз, арманы – күү. Кыргыздын каны-жаны […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, куттуктоодо мындай деп айтылат: “Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн өзгөчө символу — комуздун күнү менен куттуктайм! Биздин элибиз үчүн комуз — жөн гана салттуу музыкалык аспап эмес, маданиятыбыздын туу чокусу „Манас“ эпосу менен катар, бабалардын даңктуу жолун урпактарга […]Читать далее
Бишкекте Комуз күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чара 9-сентябрда саат 18:30да Улуттук тарых музейинин алдында өтөт. Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү төртүнчү ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл […]Читать далее
“Айкөл” тобунун негиздөөчүсү, жетекчиси Советжан Асанкадыр Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри койгон. Ведомстводон белгилешкендей, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият министри Азамат Жаманкулов тааныштырды. Буга […]Читать далее
Чолпон-Атада түрк тилдүү элдердин салттуу музыкасынын изилдөөчүлөрү катышкан симпозиум өтүүдө
Чолпон-Ата шаарында түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Симпозиумга Кыргызстан, Казакстан, Италия, Венгрия, Финляндия, Австрия, Япония, Нидерланд, АКШ, Канада, Улуу Британия, Сербия, Түркия, Азербайжан, Россия, Өзбекстан, Албания, Татарстан, Болгария, Түркмөнстан жана башка мамлекеттен келген илимпоздор, салттуу музыка […]Читать далее
6-сентябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 96-театралдык сезон ачылат. Театрдын сентябрь айына карата репертуары: – 6-7 сентябрь – Ж.Садыковдун «Төлгө» спектакли; – 8 сентябрь – Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести; – 9 сентябрь – Т.Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт» драмасы; – 13 сентябрь – М.Ауэзовдун «Энлик-Кебек» сүйүү жөнүндөгү легендасы; – 14 сентябрь – Н.Гоголдун «Женитьба» пьесасы; […]Читать далее
Бүгүн, 31-августта, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Масштабдуу иш-чарага республиканын бардык аймактарынан коноктор чакырылган. Жайлоодо 19-кылымдагы кыргыздардын көчмөн конушун чагылдырган боз үйлөрдүн этношаарчасы жасалды. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова этношаарчаны кыдырып, анда аларга устачылык […]Читать далее