Астана шаарында Кыргызстандын кино күндөрү өтөт

 Астана шаарында Кыргызстандын кино күндөрү өтөт
Казакстан Республикасынын Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында 2022- жылдын 26-29-октябрь күндөрү Кыргызстандын кино күндөрү өтөт.
Программага ылайык, бүгүн 26-октябрда кыргыз кино күндөрү расмий ачылып, Кыргыз эл артисти, кинорежиссёр Артык Сүйүндүковдун “Шамбала” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Ал эми, 27-октябрда кинорежиссёр Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” музыкалуу тасмасы, 28- октябрда режиссёр Эмил Атагелдиевдин “”Көл” ал эми 29-октябрда кинорежиссёр Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч» тасмалары көрсөтүлөт.
Кино күндөрү Астана шаарындагы “Керуен” оюн-зоок-соода комплексинини кино залында өтөт. Аталган кыргыз тасмалары акыркы жылдары ийгиликтүү тартылып, эл аралык ири фестивалдарга катышып, байгелерге ээ болгон тасмалар болуп саналат.

Связанный пост