Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаков менен жолугушту

 Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаков менен жолугушту
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаков менен жолугушту.
Жолугушууда министр манасчыны Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгында” 124 саат манас айтып, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталгандыгы менен куттуктады. Өз кезегинде манасчы Рыспай Исаков министр Алтынбек Максутовдун жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине катталуусуна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу жана салымы зор болгонун баса белгиледи.
Белгилей кетсек, учурда “Манас” эпосун жайылтуу жана аны даңазалоо максатында мамлекет тарабынан тиешелүү иш- аракеттер жүрүп жатат. Мындай сейрек кездешүүчү өнөр ээлерин мамлекет тарабынан колдоого алынышын манасчылар жылуу пикирлерин айтышып, бул алардын демине-дем, шыгына-шык бере турганын белгилешет.

Связанный пост