Кыргыз эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган иш-чара уюштурулду

 Кыргыз эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган иш-чара уюштурулду
13-октябрда Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде, Кыргыз эл сүрөтчүсү, Социалисттик эмгектин баатыры Гапар Айтиевдин 110 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш- чара өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз эл артисттери Асаналы Бейшеналиев, Гапар Айтиевдин уулу Сатар Айтиев жана бир катар өнөр адамдары катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев тууралуу эскеришип, анын кыргыз маданиятына кошкон салымын белгилеп өтүштү.

Связанный пост