Казакстанда Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол өттү

 Казакстанда Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол өттү
 Казакстан Республикасынын Улутук академиялык китепканасында кыргыз-казак чыгармачыл интеллигенциясынын катышуусунда залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол өттү.
Чыгармачыл интелегенциянын мындай форматтагы жолугушуусуна Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын президенти Кайрат Иманалиев, ал эми, Казакстан тараптан Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казакстан Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Улукбек Есдаулеттов модераторлук кылды.
Иш- чарага Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт вице- министри Нуркиса Дауешов катышып, Кыргызстандын маданият күндөрүнүн Астана шаарында өтүшү тарыхый иш- чара экендигин белгилеп, мындай байланыштар эки элдин достугун бекемдеп жана чыгармачылык байланыштарга чоң жол ачат деп белгиледи.
Андан соң эки тараптуу тааныштыруу болуп, манастан үзүндүү угулуп, мындай жолугушууга негиз болуп жаткан Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бейнесине арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, Чыңгыз Төрөкуловичтин жашоосундагы Казакстан Республикасынын орду, чыгармачылык байланыштары тууралуу маанилүү жана урунтуу учурлар белгиленди.
Жолугушуу учурунда, ошондой эле эки тараптын чыгармачыл интелегенция өкүлдөрү алмустактан келе жаткан кыргыз- казак достугу, улуттук адабияттагы, чыгармачылыктагы жана илимдеги байланыштар, сакталып келе жаткан бай мурастар талкууланды.

Связанный пост