Кыргызстандагы мамлекеттик музейлердин буюмдарын жана коллекцияларын, тарыхый булактарын жана баалуулуктарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштелип чыгууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Мындай кадам КРнын Музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогун түзүү максатында ишке ашырылууда. Анда музей буюмдарын кабыл алуу жана эсепке алуу, музейде предметтин орун которууларын документ түрүндө тариздөө, инвентардык жана […]Читать далее
Улуттук тарых музейинин фонду акын Элмирбек Иманалиевдин коллекциясы менен толукталды. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти. Белгиленгендей, музейдин фондуна аңызга айланган акындын колу ойногон комузу, аманат кылган ырлар жыйнагы, кѳзгѳ үйүр алган сахна чепкени, эл ыроологон күбѳлүктѳрү, сыйлыктары менен эстеликке калган сүрѳттѳрү тапшырылды. “Арстанбек, Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул сындуу алп акындардын жолун улап, катарын калыңдаткан акын импровизатор, […]Читать далее
Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында заманбап индия бийинин кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маданий иш-чара доктор Рекха Мехра жетектеген “Урваши” маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулду. Бий кечесине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Индиянын Кыргызстандагы элчиси […]Читать далее
Кыргыз улуттук тарых музейинин фонду советтик кино жана театр актрисасы, КР ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын театрда жана тасмада кийген кийимдери менен толукталды. Музейден билдиршкендей, кызматкерлер сахна ханышасы жана сулуулуктун эталону саналган актрисанын экзотикалык экспонатка айлана турган “Кызыл алмада” бейтааныш сулуунун ролунда оронгон элечеги, “Уркуя” фильминде салынган бѳртмѳ жоолугу, спектаклде сценада кийилген чыптамалары, […]Читать далее
22-24-январь күндөрү Катардын Доха жана Лусаил шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максүтов жана Катардын маданият министри Шейх Абдуррахман бин Хамад бин Джасим бин Хамад Аль Танинин катышуусунда өттү. Чыгармачылык программанын биринчи бөлүгү Кыргызстандын улуттук павильонунда көрсөтүлсө, экинчи бөлүгү […]Читать далее
Кыргызстан менен Катардын маданият министрлери медиа тармагында тажрыйба алмашууну макулдашты
23-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Катар Республикасынын Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында Катар Мамлекетинин маданият министри шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Тани мырза менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда тараптар маданият […]Читать далее
Бүгүн, 22-январда Катар мамлекетинин Доха шаарында ЭКСПО 2023 “Жашыл чөл – эң жакшы айлана чөйрө” көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук күнү белгиленди. Бул тууралуу КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Кыргызстандын башкы комиссары […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылы 22-январда Катарда өтүп жаткан “Доха ЭКСПО-2023” жарманкесинде КР улуттук күнү, ал эми 23-25-январь күндөрү маданият күндөрү өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, расмий делегацияны министр Алтынбек Максутов жетектеп барат. “Доха ЭКСПО-2023” жарманкесинин алкагында өтүп жаткан улуттук күндө кыргыз элинин бай маданияты көрсөтүлүп, келгендер кыргыз боз үйү, кыргыз элинин зер буюмдары, […]Читать далее
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети иштей баштады. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов белгилегендей, монополияга каршы комитет бекиткен прейскурант боюнча изилдөөнүн баасы изилдөөнүн түрүнө жараша 2200 сомдон ашпайт. «МРТ аппаратынын иштөөсү кыйла кымбат экенин эске алсак, текшерүүдөн толугу менен бекер […]Читать далее
20 –декабрда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Өзбекстан Республикасынын Маданият […]Читать далее