Бишкекте “Жамийла” биринчи улуттук мюзикли тартууланды

 Бишкекте “Жамийла” биринчи улуттук мюзикли тартууланды

Күн мурун Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Жамийла” биринчи улуттук мюзикли тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Мюзикл жети күн катары менен коюлат — 12-13-14-15-16-17-апрель күндөрү.

 

“Жамийла” мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореография, вокал айкалышкан көркөм оюн.

 

мюзиклдин коюучу-режиссеру — Виктор Фельд,

композитору — КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев,

акын — Махаббат Молдалиева,

костюмдар боюнча художник-дизайнер — Дөөлөт Рысбаев,

хореографы — КР Эл артисти Анара Нургалиева,

хормейстери — КР Эл артисти Гульбара Маматова,

башкы сүрөтчүсү — Расул Кочкорбаев,

видео контент —Адан Алимбеков.

Связанный пост