АКШда биринчи жолу Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды

Чикагодо Кыргызстандын АКШдагы биринчи этномаданий көргөзмөсү ачылып, анда кыргыздын кайталангыс маданиятынын жана тарыхынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган түрдүү экспонаттар коюлган.

Бул иш-чара Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарынын чыныгы майрамына айланып, АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн да, бардык маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурду.

Көргөзмөнүн коноктору Кыргызстандын бай маданий мурасына сүңгүп, кыргыздын улуттук тамак-аштарынан, бай бий программасынан, комузда кол ойнотуудан жана башка көптөгөн кызыктуу иш-чаралардан ырахат алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.

Башкы консул Болотбек Борбиев бул көргөзмө келечекте АКШдагы жаңы өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин бай маданиятын жана тарыхын даңазалап тура турган музейге айланарын белгиледи.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен “Kyrgyz Community Center” кыргыз коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Связанный пост