Берлинде Нооруз майрамына карата массалык иш-чара өттү

Берлиндин Этнологиялык музейинде Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин катышуусунда Нооруз майрамына карата массалык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чараны Афганистан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү биргелешип, “Маданий кызматташтык” герман коомдук бирикмесинин көмөгү менен уюштурган

Иш-чаранын башында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Элчи белгилегендей, Ноорузду биргелешип белгилөө заманбап эл аралык коомчулукта маданий гармониянын жана өз ара түшүнүшүүнүн жаркын мисалы болуп саналат.

Иш-чарага келген конокторго, анын ичинде Берлинде жашаган кыргызстандыктарга музыкалык көрсөтүүлөр, улуттук бийлер, театралдаштырылган оюн-зооктор, искусство жана ашпозчулук боюнча мастер-класстар, ошондой эле Нооруз майрамын майрамдаган элдердин маданий мурастарын көрсөткөн көргөзмөлөр камтылган түрдүү маданий программа тартууланды.

Связанный пост