Эл аралык театр күнү белгиленди

Бүгүн, 27-мартта Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Эл аралык театр күнү” салтанаттуу белгиленди.

 

Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов, жалпы театр ишмерлери жана кеңири коомчулук катышып, иш- чара алгач кыргыз театрынын тарыхын баяндаган тасма менен башталды.

 

Андан соң, министр Алтынбек Максутов улуу искусствого кызмат кылган өнөр ээлерин эл аралык театр күнү менен куттуктап, чыгармачылык эргүү жана бекем ден-соолук каалады.

 

Министр ошондой эле, театр-турмуштун күзгүсү катары бааланып, өнөр адамдары улуттун сыймыгы болуп келгендигин, улуу искусствого ак кызмат кылып, талыкпас эмгеги менен элге таанылган инсандардын эмгеги, эгемендүүлүк алган күндөн ушул күнгө чейин өз ишине берилип, кыйын кездерде театрды чанып кетпеген берилгендиги өзгөчө алкоого татыйт деп айтты.

 

Ошондо эле ал, ал бир театр сезонунун ачылыш өлкөнүн маданий турмушундагы чоң окуяга айланып, жаңы ысымдар атала баштаганы, мамлекет тарабынан театр тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, өз ара гастролдук иш-чаралар, республикалык жана эл аралык фестивалдар, ар тараптуу кароо-сынактар өткөрүлүп, чет өлкөлөр менен байма-бай тажрыйба алмашуулар өтүп, 2023-жылы жаңы кыргыз сахналарында 81 спектакль коюлганы, ал 2022-жылга салыштырмалуу 76,09 %га өскөнүн кубануу менен белгиледи.

 

Андан соң, салтанаттуу иш- чара шаардагы театр оюн-зоок мекемелери тарабынан даярдалган коюлум менен уланды.

Связанный пост