Кыргыз маданияты, театр искусствосу, музыка искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз элинин белгилүү композитору, дээрлик маданият министрлигинде иштеп, бүт өмүрүн мамлекеттик кызматка арнаган, асыл талант Совхозбек Кожомкулович Айткеев 2022-жылдын 26-октябрында 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Совхозбек Айткеев 1953-жылдын 24-мартында Чүй өрөөнүндө, казак чек арасынан анча алыс эмес жерде жайгашкан «Чалдовар» совхозунда туулган. Эки жашка […]Читать далее
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын залында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун, ошондой эле ардактуу коноктордун жана эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда Биринчи Дельфи оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн көрүнүктүү маданият, искусство, билим берүү жана илим ишмерлери катышты. “Биз маданий көп түрдүүлүккө жана ата мекендик искусствонун, чыгармачылыктын, аткаруучулук […]Читать далее
Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарындагы Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн “Кыргызстан түркүн түстүү, көп түрдүүлүк” аталышындагы көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Таалайбек Усубалиев жана Казакстан Улуттук музейинин директорунин милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачты. Жалпысынан көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгектери коюулган. Келген меймандар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектерге суктанып, […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Улутук академиялык китепканасында кыргыз-казак чыгармачыл интеллигенциясынын катышуусунда залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол өттү. Чыгармачыл интелегенциянын мындай форматтагы жолугушуусуна Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын президенти Кайрат Иманалиев, ал эми, Казакстан тараптан Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлдү. Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында “Учурдагы убакыт” ресурсунда (“Азаттык Медиасынын” ведомстволук түзүмү) “Кыргызстан менен Тажикстандын […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында 2022- жылдын 26-29-октябрь күндөрү Кыргызстандын кино күндөрү өтөт. Программага ылайык, бүгүн 26-октябрда кыргыз кино күндөрү расмий ачылып, Кыргыз эл артисти, кинорежиссёр Артык Сүйүндүковдун “Шамбала” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Ал эми, 27-октябрда кинорежиссёр Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” музыкалуу тасмасы, 28- октябрда режиссёр Эмил Атагелдиевдин “”Көл” ал эми 29-октябрда […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаков менен жолугушту. Жолугушууда министр манасчыны Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгында” 124 саат манас айтып, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталгандыгы менен куттуктады. Өз кезегинде манасчы Рыспай Исаков министр Алтынбек Максутовдун жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор […]Читать далее
Маданият министрлигинин аймактагы кызматкерлери документ жүгүртүүнү автоматташтыруу боюнча окуудан өтүштү
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигини буйругуна ылайык, Ош, Жалал- Абад жана Баткен облусундагы министрликке караштуу маданий мекемелердин тиешелүү кызматкерлери документ жүгүртүүнү автоматташтыруу, документтерди электрондук форматка өткөрүү (Infodocs) жана кызматкерлердин бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү («Е -Kyzmat») боюнча окуудан өтүштү. Мындай кадамдар мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну кыскартуу, документ жүгүртүүгө байланыштуу бардык […]Читать далее
Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн өткөн сынак жыйынтыкталды. Калыстар тобунун чечими менен Бакыт Акматов баш байгени утуп, 250 миң сом акчалай сыйлыкка татыды. Ал эми 1-орунду Турдукан Сарбанова 160 миң сом, 2- орунга Калыбек Турганов 120 сом, 3- орунду […]Читать далее
13-октябрда Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде, Кыргыз эл сүрөтчүсү, Социалисттик эмгектин баатыры Гапар Айтиевдин 110 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш- чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз эл артисттери Асаналы Бейшеналиев, Гапар Айтиевдин уулу Сатар Айтиев жана […]Читать далее