Пишпектин биринчи старостасы Илья Тереньтевдин жаңы реставрациядан өткөн үй музейинин ачылышы болду. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги, Бишкек шаарынын вице-мэри Мирланбек Байгончоков, “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси, коомдук ишмер Аскар Салымбеков жана атайын чакырылган меймандар жана шаар тургундары катышты. Үй музейдин ачылышында Алтынбек Максутов Илья Федотович Терентьев – […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Курбаналы Ниязбеков Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Апас Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында көркөм жетекчи жана Кыргыз Улуттук “Манас” театрында режиссёр-коюучу болуп эмгектенген болчу.Читать далее
Президент Садыр Жапаров КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна каражат бөлдү. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди. “Ыкчам жооп бергениңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бир нече саат мурун мен сизге КРнын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди куткарып калуу өтүнүчү менен кайрылсам, бир сааттан кийин сиздин атыңыздан ооруканага 42 миң доллар жөнөтүлдү. Бүткүл […]Читать далее
Рысбай Исаковдун Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгын тастыктаган сертификатын Улуттук тарых
Бүгүн, 2- декабрда КР эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рысбай Исаковду жараткан ийгилиги менен куттуктап, манасчыга бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, министр Улуттук “Манас” театры ачылгандан бери […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды. Министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана эл аралык маданий-гуманитардык кызматташуулары боюнча маселелери талкууланды. Алтынбек Максүтов Мамлекет башчысына Айкөл Манастын эстелигин Астана шаарында (Казакстан Республикасы) орнотуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, эстеликтин эскизинин долбоорун сунуштады. Эстеликти орнотуу боюнча тиешелүү макулдашуу Кыргыз Республикасы […]Читать далее
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 3- декабрь күнү СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунованын “Комуз жана Самара” аталышындагы 60 жылдык юблейлик концерти өтөт. Концерт кечки саат 18:30 да башталат. Ага Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын артисттери жана белгилүү ырчылар катышат.Белгилүү болгондой, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, комузчу Самара […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дорогини кабыл алды. Тараптар маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча пикир алмашып, биргеликте жасала турган долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга макулдашты. Тактап айтканда, элчи Шандор Дороги Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат менен бөлүшүп, андан соң, венгриялык […]Читать далее
Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду. Эстеликтин ачылышында «Кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Президенттин Ысык- […]Читать далее
Кыргыз эл артисти, таланттуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде чыккан “Аманат” аттуу китебинин бет ачары Алматы шаарындагы Улуттук китепканасында өттү. Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде басылып чыккан “Аманат” аталышындагы китебин казак тилине белгилүү казак төкмө акыны, филология илимдеринин кандидаты Айбек Калиев которгон. Китептин бет ачарында Элмирбек Иманалиевдин ырлары көркөм окулуп, кыргыз-казак акындары төгүп ырдап […]Читать далее
Жыл сайын 4- декабрь “Манас” эпосу күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп келет. Быйыл бул күнгө карата “Манас” театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен манасчы Калманбет уулу Токтогулдун 170, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150, манасчы Көкчеке- Мамбетаалы Ашымбай уулунун 125, манасчы Турдумамбет Акматалиевдин 100, КР эмгек сиңирген артисти, семетейчиси Сейдене Молдокееванын […]Читать далее