Эртең СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын концерти өтөт

 Эртең СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын концерти өтөт

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 3- декабрь күнү СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунованын “Комуз жана Самара” аталышындагы 60 жылдык юблейлик концерти өтөт.

Концерт кечки саат 18:30 да башталат.

Ага Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын артисттери жана белгилүү ырчылар катышат.Белгилүү болгондой, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, комузчу Самара Токтакунова – Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Манас” ордени жана “Даңк” медалынын ээси, Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы жана ошондой эле көптөгөн эл аралык наам, сыйлыктар менен сыйланган.

Связанный пост