Алтынбек Максутов Венгриянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 Алтынбек Максутов Венгриянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дорогини кабыл алды.
Тараптар маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча пикир алмашып, биргеликте жасала турган долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга макулдашты.
Тактап айтканда, элчи Шандор Дороги Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат менен бөлүшүп, андан соң, венгриялык изилдөөчү Дьерд Алмашиинин кыргыз элинин салттуу жолун изилдөө тарыхы тууралуу китебин, ошондой эле, мажар тилине которулган Чыңгыз Айтматовдун китебин тапшырды.
Элчи ошондой эле Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борборун ачуу планы менен бөлүшүп, кыскача токтолду.
Ал эми, министр Алтынбек Максутов Венгрия менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз жана венгер элдеринин тарыхый жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Связанный пост