Пишпектин биринчи старостасы Илья Тереньтевдин үй музейи ачылды

 Пишпектин биринчи старостасы Илья Тереньтевдин үй музейи ачылды

Пишпектин биринчи старостасы Илья Тереньтевдин жаңы реставрациядан өткөн үй музейинин ачылышы болду.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги, Бишкек шаарынын вице-мэри Мирланбек Байгончоков, “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси, коомдук ишмер Аскар Салымбеков жана атайын чакырылган меймандар жана шаар тургундары катышты.

Үй музейдин ачылышында Алтынбек Максутов Илья Федотович Терентьев – шаарыбыздын шаар болуп калыптанышы, негизги пайдубалынын түптөөчүлөрүнүн бири болгондугун, анын башкаруусунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана жана бир нече мектептер, гимназиялар курулгандыгын, ошондой эле банк кызматын аткарган алгачкы кеңселер, темир устаканалар жана соода жайлары ачылгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал, аталган үйдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселеси көп жылдар бою ар кандай себептерден улам ишке ашпай келгенгенин айтып, мындай жоопкерчиликтүү иш-аракетти колдоого алып, тарыхый-маданий мурас объекттин сынын кетирбей, оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштеринде өз салымын кошкон “Дордой” Ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбековго ыраазычылыгын билдирди.

Иш- чаранын жүрүшүндө Аскар Салымбеков министр Алтынбек Максутовго жаңы реставрациядан өткөн үйдүн ачкычын тапшырды.
Катышуучулар мындай жакшы демилгени кубаттап, шаар тургундары жана меймандары үчүн сүйүктүү жана тарыхый жайга айланаарына ишеничин билдиришти.

Связанный пост