Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду

 Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду.

Эстеликтин ачылышында «Кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Президенттин Ысык- Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молодобекова, УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев, белгилүү коомдук – маданий ишмерлер жана туугандары катышты.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди.

Кыргыз сахнасында Катаринанын, Дездемонанын, Найман эненин, Кишимжандын жана башка каармандардын мыкты образдарын жаратканы менен элдин эсинде калды.

Связанный пост