Социалдык фонд Түркияда иштеген кыргыз жарандары келечекте пенсияга чыга аларын эскертет. Белгиленгендей, 2020-жылдан тартып Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, Кыргызстан өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 352 суроо-талап жиберилген, 350 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүн Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы иш-чарада 542 калктуу конуштарда таза суу долбоорлору ишке ашып жатканын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, Төрөбаев өз сөзүндө долбоордун айыл калкынын жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Эл аралык донорлор менен биргеликте Республиканын калктуу конуштарын ичүүчү […]Читать далее
Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан жаран кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, 23-майда Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар жаңжалдашкан. Ортодогу чыр-чатактан улам И.Р.Д. аттуу жаран 12 даана 10х28 калибрдеги октору жана 2 магазин менен жабдылган «Grand Power Т 12» маркасындагы травматикалык тапанчасын алып, катышуучуларды көздөй багыттап, өлтүрөм деп […]Читать далее
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аудиттин жүрүшүндө коомдун ишинде бир катар мыйзам бузуулар жана ички регламенттердин талаптарын аткарбоо фактылары аныкталды. Тактап айтканда, коомго лизинг ишин жүргүзүүгө расмий уруксат берүүчү лицензия 2024-жылдын 16-декабрында гана берилген. Бирок ушул күнгө чейин эле коом […]Читать далее
2025-жылдын 11-июнунан тарта “Uzautotrans Service” ЖЧКсы Ташкент — Чолпон-Ата багыты боюнча сезондук автобус каттамын жандантып, ишке киргизет. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Каттамдар күн сайын Yutong үлгүсүндөгү ыңгайлуу автобустар менен аткарылат. Автобус Ташкент шаарындагы борбордук автобекеттен күн сайын саат 15:00дө жөнөйт. Билеттердин баасы — 300 миң сум (24 доллардан ашык).Читать далее
Жер мунапысын жүргүзүүгө арызды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, жер мунапысы башталган күндөн тартып республика боюнча 2025-жылдын 30-майына карата мунапыс алууга жарандардан жалпы 170 626 арыз келип түштү. Анын ичинен жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жарандарга жер участогун бекитип берүү жөнүндө 76 […]Читать далее
6-июнда айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады. Анда белгиленгендей, айт намазы жума мечиттерде жана казыят тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат. Айт намазы саат 07:30да башталат. Кыргызстанда Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Ишемби жана жекшемби күндөрдү кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.Читать далее
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясына тиешеси бар бир нече адамга сот өкүмүн чыгарды. Соттун маалыматына ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 6 айга сыртынан кесилип, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу чечими чыгарылды. Ошондой эле ал кармалган учурда дароо камакка алынып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясына жибериле тургандыгы белгилүү болду. Андан сырткары, президенттик […]Читать далее
Июлда “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик 3-учак алып келинет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик 3 учак бар. Анын экөөсү учурда колдонулуп жатат. Ал эми үчүнчүсү июлда алып келинет. “Мындан сырткары, төртүнчү […]Читать далее
Өлкөдө жалпы 11 аэропорт бар, анын ичинен бешөө эл аралык. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, ал эми калган алтоо аймактык аэропорттор. Бүгүнкү күндө каттамдардын 70 пайызын эл аралык каттамдар түзсө, 30 пайызын ички каттамдар түзөт. “Учурда өлкөнүн бардык аэропортторунда оңдоо-түздөө иштери жүрүп […]Читать далее