Бишкектеги май-сыр кампасынын акцияларынын жарымы мамлекетке кайтарылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Кулатов көчөсү 1 дарегинде жайгашкан мурдагы «Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза» ААКсынын (азыркы «Майкампа» ЖЧКсы) менчигиндеги мурдагы мамлекеттик мүлктү (менчиктештирүү) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Маалыматта айтылгандай, 1991-жылдан 2000-жылга чейин мамлекеттик мүлктү приватташтыруу активдүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде, мамлекеттик мүлктү башкаруу органына караштуу «Майкампа – […]Читать далее
«Asman Airlines» авиакомпаниясы Кербенден Бишкекке аба каттамдардын санын көбөйттү. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, каттамдар эми жумасына эки жолу – шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Билеттин баасы 3600 сомдон башталат. Билеттер asmanairlines.kg тиркемесинде жеткиликтүү.Читать далее
“Ысык-Көл” аэропортунун жаңы аэробекети жыл соңуна чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албайт. Себеби, күндөн-күнгө туристтердин агымы өсүүдө. Быйыл дагы облуска 8 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүүдө. “Аэробекет эки кабаттан […]Читать далее
Жалал-Абаддагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу 2026-жылдын августунда аяктайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарында эл аралык аэропорт куруу долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан аныкталып, Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жасалган маанилүү кадам. “Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жакында жаңы эл […]Читать далее
«Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» жаӊы Мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы стандарт – КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-майындагы №257 токтомунун негизинде кабыл алынган. Ал балдардын 1 жаштан 6 жашка чейинки ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздоого, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле бардык […]Читать далее
Ипотекасын ар кандай себептерден улам төлөй албай жаткандарга жеңилдиктер каралат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев билдирди. Анын айтымында, биринчи үч айга жеңилдиктер берилет. Бул убакытта жаран киреше булагын таап, маселесин чечип алса болот. “Эгерде үч айдын ичинде мындай мүмкүнчүлүк таба албаса, анда биз жарандын батирин кичирээк аянтты ээлегенине […]Читать далее
Ипотекалык батирлердин чарчы метринин баасы 750 доллардан башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев билдирди. Ал белгилегендей, ипотекалык батирлер 25 жылга берилип жаткандыктан, бааларды аныктоодо бул мезгил аралыгында инфляциянын өзгөрүшү мүмкүн экендиги эске алынууда. “Кезекте тургандар болжол менен чарчы метрди 750 доллар менен алышууда. Ал эми үлүштүк курулуш менен […]Читать далее
1-2-июнь күндөрү Самарканд шаарында өткөн II Өзбекстан–Кытай аймактар аралык форумунун алкагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жүрүп жаткан иштер талкууланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Форумдун негизги максаты – аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестициялык жана ишкердик байланыштарды жандандыруу, ошондой эле Өзбекстан менен Кытайдын […]Читать далее
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону күтүүнүн кереги жок, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында. “Эмне үчүн? Учурдагы көпчүлүк депутаттарга ыраазыбыз. Президент Садыр Жапаров белгилеген багытты, эң негизгиси реформалардын темпин колдойт. Бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинин мыйзам чыгаруучулар менен көйгөйү жок. Үчүнчү тараптардын арабызга от салууга, пикир келишпестикке алып […]Читать далее
Кыргызстан менен Венгрия түз аба каттамын ачууга камынууда. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Венгрия менен түз аба каттамын ачуу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Министрлер кабинети менен Венгриянын өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндө макулдашуу 2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Мыйзам долбоорун комитетте […]Читать далее