Өткөн аптада Токмок шаарында жана Кемин, Чүй райондорундагы тамактануу жайларында, соода түйүндөрүндө өрт коопсуздугунун эрежелери текшерилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аларга коопсуздук эрежелерин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү баракчалары таркатылды. Статистикага таянсак, өрттүн 60-70% чыгуусу тамактануу жайларда жана соода түйүндөрүндө катталат. Айрыкча өрт кырсыктары газ баллондордун туура эмес колдонулушунан, бузук абалдагы электр зымдарын жана […]Читать далее
Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу эми онлайн режимде жеткиликтүү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, легалдаштыруу процессинде ортомчулук кызматтардын кереги жок, мындай кадамдар алдамчылыкка алып келиши ыктымал. Бардык процедуралар онлайн жана түз расмий порталдар аркылуу жеткиликтүү. Маалыматта белгиленгендей, 2025-жылдын 10-июнуна чейин миграциялык эрежелерди бузгандар – мөөнөтү өтүп кеткен виза менен, документи жок же […]Читать далее
Жыл башынан бери борбор калаада 28 чакырым жол оңдолуп, 13 чакырым жаңы жол салынды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, салынып жаткан жолдор төмөнкү көчөлөрдө: Сухэ-Батор көчөсү – 7-Апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин; Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин; Ауэзов көчөсү – Анкара көчөсүнөн […]Читать далее
Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилде беш министрликти бириктирген бирдиктүү коопсуздук кызматы иш алып барат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, Нурлан Исмаилов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоо максатында түзүлгөн бул бирдиктүү коопсуздук кызматы быйыл алгачкы ирет ишке кирүү алдында турат. “Жаратылыш ресурстары, экология жана […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө карыздары жана маанилүү билдирүүлөр тууралуу ыкчам жана ыңгайлуу маалымат берүү үчүн уюлдук байланыш операторлору менен кызматташууну жөнгө салууда. Ведомстводон билдиришкендей, мындай кызматташуу жеке жана юридикалык жактардын салыктык карыздарынын абалы, ошондой эле салыктык башкаруу процессинде салык органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Салык төлөөчүлөргө маалымат жөнөтүү жол-жобосунун […]Читать далее
Кыргызстанда ар кыл себептер менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандар 10-июнга чейин документтерин мыйзамдаштыруусу керек. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга окуу визасы же туристтик виза менен келип, бирок иштеп жүргөн жарандар дагы 10-июнга чейин аны иш визасы кылып өзгөртүп ала алат. Ал үчүн эч кандай жаза же айып пул төлөбөйт. […]Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгы курган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн объекттер 100дөн ашты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы Каныбек Туманбаев президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалганга чейин бул мекеме тейлөөчү гана кызмат катары кабылданып келген. Бирок президент Садыр Жапаров ишеним артып, колдоо көрсөткөн соң аталган мекеме чыныгы мамлекеттик […]Читать далее
Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Улуттук статистика комитети, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Балдардын статистикасы” жаңы интерактивдүү порталын расмий түрдө ишке киргизди. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай өткөрүлгөн бул иш-чарага Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жана мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык […]Читать далее
Ош облусунун Араван районунун Араван айылынын Ленин көчөсү 10 дарегинде жайгашкан, аянты 616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2011-жылдын 18-майында Мамлекеттик мүлк фонду менен «Юлдуз» муниципалдык ишканасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы №421 токтомун […]Читать далее
Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 6-июнь иш күнү эмес. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын январынан тарта күчүнө кирген жаңы Эмгек кодексине ылайык, Курман Айт майрамы расмий түрдө жумуш эмес күн катары таанылган. Быйыл бул майрам 6-июнь жума күнүнө туш келип, буга байланыштуу бул дата өлкө боюнча расмий […]Читать далее