Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата жазгы талаачылык иштери дээрлик аяктады. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жазгы айдап-себүү иштери жалпы 657,1 миң гектар жер аянтында аткарылды. Жалпылап айтканда: буудай – 101,9 миң гектарга себилип, план 99 пайызга; арпа – 228,4 миң гектарга себилип, план 95 пайызга; жүгөрү – 105,8 миң га […]Читать далее
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине туруктуу жана ишенимдүү энергетикалык инфраструктураны камсыз кылуу максатында комплексдүү даярдоо иштерин жүргүзүүдө. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясынан билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында төмөндөгүдөй иштер аткарылды: 35-500 кВ чыңалуудагы 91 көмөк чордондордун жабдууларында; 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 1029 трансформатордук көмөк чордондордо; 354 км чакырым 35–500 кВ […]Читать далее
Кыргызстанда Түштүк Африканын эки өлкөсүнүн паспорту даярдалды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, президенттин Иш башкармасына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт боюнча биринчи контракт буга чейин түзүлүп, даяр продукция ийгиликтүү жөнөтүлгөн. Намибия тарап чыгарылган документтердин […]Читать далее
“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов өлкөнүн түштүк аймактарындагы кендерди текшерди. Башкармалыктан билдиришкендей, ал Баткен районундагы Чакуш жана Ош облусундагы Каракала-Терек кендериндеги геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Белгиленгендей, учурда компания Чакуш участкасында өз алдынча жер кыртышынын геологиялык түзүлүшүн жана курамын изилдөө, ошондой эле пайдалуу кендерди издөө жана андан ары иштетүү үчүн баалуу металл ресурстарын […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы чет өлкөлүк номерлүү унааларды легалдаштырууну эскертет. Башкармалыктын маалыматына караганда, жакында массалык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Жол инспекторлору Абхазия, Армения өңдүү чет өлкөлүк номерлүү унааларды айдап жүргөн айдоочуларга кайрылып, унааны эртерээк легалдаштырууга чакырып, жакынкы күндөрү текшерүү иштери болоорун алдын ала эскертишти.Читать далее
Бүгүнтөн тарта мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Улан Куралиев билдирди. Анын айтымында, бүгүнтөн баштап “Нелегал” аталышындагы рейд жүрүп, чет элдиктер текшерилет. Буга чейин аларга документтерин мыйзамдаштырып тууралаганга же болбосо өлкөдөн өз алдынча чыгып кетиши үчүн […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги канча “Мекен карт” картасы берилгенин жана чет өлкөлүк жарандыгы барлар мекендеш макамын кантип алса болору тууралуу маалымат берди. Ведомстводон билдиришкендей, 2023-жылдын 13-мартында “Мекен карт” долбоору ишке киргенден бери 313 жаранга чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш макамы берилген. Бул убакыт аралыгында 361 арыз кабыл алынып, анын ичинен 9 арыз четке […]Читать далее
Американын Лос-Анжелес шаарында уланып жаткан башаламандыктарга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн сактык чараларын көрүүгө чакырат. Ведомство жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн төмөнкү эрежелерди карманууну сунуштады: баш аламандыктар катталган же болушу ыктымал болгон райондорго барбоо; эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу; митингдерге, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышпоо. […]Читать далее
Борбор каалада учурда 30 электробус бар, калган 90 даана июль айынын башында келет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Депо-2нин аймагын реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө каала башчысы кубаттоочу жайларды комплекстүү текшерүүнү тапшырды. Муну менен катар учурда Депо-2нин аймагында жайгашкан имараттарды оңдоо иштери уланууда. Белгиленгендей, жаңыланган автобазалар электробустар […]Читать далее
Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектеди. Фонддон билдиришкендей, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин, атап айтсак Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларустун аймагында иштеп, пенсиялык укуктарга ээ болгон жарандар эмгек мигранты деп саналат. Ага ылайык, Кыргызстандын Социалдык фонду 120 жарандын пенсиясын чектеди: Россиянын 109 жаранына, алардын ичинен: 6 […]Читать далее