Бүгүн Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди санариптештирүү жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан “Айтил” улуттук платформасынын бет ачары өттү. Иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөлөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис […]Читать далее
Өлкөдө айдоочулук күбөлүк алуучуларга медициналык маалымкатты онлайн берген жаңы электрондук мамлекеттик кызмат ишке кирди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эми Кыргызстандын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат. Муну менен кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга […]Читать далее
Ирандан 28 кыргызстандык эвакуациялынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет. Ведомстводон белгилешкендей, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Ирандагы жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин уюштурду. Координацияланган жана ыкчам аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 28 жараны […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 17-19-июнда ысык аба-ырайы күтүлүп, абанын жогорку температурасы акырындык менен жогорулашы күтүлүүдө. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт. “Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” өткөрүү пункту пилоттук долбоордун алкагында жүктөрдү каттоо үчүн күнү-түнү иштөө (24/7) режимине өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, бул чара логистикалык процесстерди тездетүүгө жана чек аранын бул тилкесинде жүк агымын көбөйтүүгө багытталган.Читать далее
Бүгүнкү күндө дарыгерлердин орточо айлыгы 22 -23 миң сом. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, 100 миң сомдук айлыктарды тынбай иштеген 2-3 врач алышы мүмкүн, андайлар бар. Бирок, бул дарыгерлер ооруканада жашагандай эле эки күндүн биринде кечки нөөмөткө чыгып иштешет. “Мурда врачтардын айлыгы мындан да аз болчу. […]Читать далее
Израиль мамлекети менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин Израилге баруудан баш тартууну сунуштайт. Ведомствонун маалыматында Израилдин аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына жогорку деңгээлде этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоо сунушталат. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жарандар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот: 1. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800; […]Читать далее
Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды. Маселе элчи Нурлан Токобаевдин Кувейттин улуттук авиакомпаниясы болуп саналган Kuwait Airways компаниясынын төрагасы Абдулмухсин Салим Альфакан менен жолугушуусунда көтөрүлдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, элчи Нурлан Токобаев кыргыз тарап бул багыттагы кызматташтыкты илгерилетүүгө толук даяр экенин жана кызыкдарлыгын билдирди. Өз кезегинде Абдулмухсин Салим Альфакан Kuwait […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2007-жылы Кичи-Жаргылчак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги 1,4 гектар жерди Жети-Өгүз районунун тургунунун жеке менчигине, алма багы отургузулду деген шылтоо менен өткөрүп беришкени аныкталган. Бирок, жеке менчикке өткөн учурда жана ушул күнгө чейин бул жер […]Читать далее
Израиль менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн жарандарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырат. Министрлик мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана […]Читать далее