Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына жумушка орношуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана легалдаштыруу боюнча жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү мигранттарды колдоо, иш берүүчүлөр жана диаспоралар менен кызматташуу ишин күчөттү. 2025-жылдын башынан бери кыргызстандыктарга Россиянын ар кайсы аймактарында 1 907 бош орундар сунушталган. Мыйзамдуу ишке орноштуруу түздөн-түз […]Читать далее
Кыргызстанда мамлекеттик саясий кызматкерлер үчүн жаңы тартип киргизилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, президенттин жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. “Ага ылайык, мамлекеттик саясий кызматты ээлеген кызматкерлерге карата жоопкерчилик күчөтүлдү. Эмне өзгөрдү? Эгер саясий кызматкер тартиптик жаза алса (мисалы, сөгүш же катуу сөгүш), ал чет […]Читать далее
Сүлүктү шаарында жалпы аянты 3657 чарчы метр болгон, мурдагы ден соолукту чыңдоочу жай ыктыярдуу негизде мамлекетке кайтарылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, мурда аталган жайда көмүр казуучу “Ибрагим” ЖЧКсынын кеңсеси жайгашкан. Бул жер аянты 2010-жылы жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен мүлктү Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын […]Читать далее
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жаза мөөнөтүн өз өлкөсүндө улантуу үчүн эркинен ажыратылган жарандарды өткөрүп берүү тууралуу Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын расмий укуктук актылары жарыяланган Lex.uz сайтында маалымдалат. Жарандарды өткөрүп берүү “Достук/Дустлик” чек ара көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат. Документте чыгымдарды жабуу, талаш маселелерди чечүү, расмий тилдерди колдонуу […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги Америкадагы кыргызстандыктарды өлкөнүн бир катар шаарларында уланып жаткан көчө демонстрацияларына катышпоого чакырат. Министрлик жарандарды өз коопсуздугуна жогорку деңгээлде көңүл бурууга чакырып, туруктуу чыңалууну эске алуу менен нааразычылык акцияларына катышуудан алыс болууга жана демонстрациялар, митингдер же башаламандыктар менен коштолушу мүмкүн болгон башка массалык чогулуштар өткөрүлүп жаткан жерлерден оолак болууну сунуштайт. Зарыл болгон учурда […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасынын алкагында мамлекеттик ипотекага “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн түрдө кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ишке ашты. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, мурда кезекке турууда документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. “Эми болсо баары жеңилдеди. Болгону 2-3 мүнөттө бардык маалымат автоматтык […]Читать далее
Жашы жете элек беш кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, балдар Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен кызматташтыкта кайтарды. Алардын ичинен үчөө жакын туугандарына өткөрүлүп берилсе, калган балдар Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө жайгаштырылды. Балдарды үй-бүлөсү менен бириктирүү иштери улантылууда. Министрлик балдардын укугун жана коопсуздугун коргоого өзгөчө көңүл буруп, бул […]Читать далее
Кыргызстанда 9-июнда президент кол койгон “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам күчүнө кирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жаңы тартиби тууралуу айтып берди. Жаңы мыйзам алдыдагы парламенттик шайлоонун оюн эрежелерин түп тамырынан бери өзгөртүп, депутаттык корпусту түзүүнүн жаңы системасын […]Читать далее
“Менин үйүм” турак-жай программасынын алкагында Бишкек шаары, Маликов көчөсү 91 дарегиндеги “Мурас” турак жай комплексинен 77 чек арачы батирлүү болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Жаңы үйлөрдү жана батирлерди тапшыруу жөн эле ачкычтарды берип […]Читать далее
Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдар үчүн ишеним телефонуна 26 996 чалуу түшкөн. Ведомстводон маалымдашкандай, бул күнүгө орточо 178 кайрылуу, айына 5 399дан ашуун чалуу дегенди билдирет. Жалпы кайрылуулардын ичинен 932 чалуу жардам жана кеңеш сураган кайрылуулар болгон, анын ичинен: балдардан – 378 чалуу (40,6%); чоң адамдардан – 554 чалуу (59,4%). […]Читать далее