Бүгүн, 19-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жараат алып, Ош облустук аймактык ооруканасында жана Ош облустук балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жарандардан кабар алды. Өкүлчүлүктөн билдиргендей, Бакыт Төрөбаев жана Зиядин Жамалдинов жарандар жана балдар менен баарлашып, мамлекет тарабынан колдоо жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу конфликткке байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Кадырман калайык-журтум! Кымбаттуу мекендештер! Ата Журттун башына кыйынчылык келсе бир муштумдай бириккен бийик наркы бар эл экенибизди ар дайым далилдеп келатабыз. Манас атабыздын каны каныбыз менен бирге айланып турганда, биздин элдин бул наркын эч ким […]Читать далее
Тажикстандын кол салуусунан Баткенде жалпы 282 турак жай талкаланып, өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Бакытбек Чамашев билдирди. Анын айтымында, учурда Баткен шаары, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган турак жайларды тактоо иштери жүргүзүлүүдө. “Жалпы 282 турак жай, үч стратегиялык объект, тогуз социалдык объект, 300гө жакын чарба курулуштар, жашоо-тиричилик камсыздоо объектилери талкаланып, өрттөнгөн. Бул сандар […]Читать далее
Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 26 млн 72 миң 750 сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Атайын эсепке түшкөн бардык каражаттар Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын жайгашкан айылдарын жана райондорун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларга жумшалат.Читать далее
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам дайыны чыкпай жаткан Кыргызстандын 4 жараны табылып, тик учак менен Баткенге алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, алар чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары болушкан, куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, бекинип жатышкан. “Табылган 4 ак-сайлыктардын […]Читать далее
Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата Баткен облусуна жалпы 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан, ал эми 301 тонна жарандардын өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Кыргызстандын бардык аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк […]Читать далее
Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда, – деп кабарлайт ИИМдин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек району боюнча ички иштер органдарынын башка укук коргоо органдары жана мамлекеттик уюмдар менен бирге ыкчам өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-аракеттерди, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоону координациялоодо. Кыргызстан […]Читать далее
Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда. КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 18-сентябрдан 29-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок. КР УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүктөрү күчөтүлгөн […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында башталган чек арадагы куралдуу кагылышууда курман болгондорго байланыштуу Кыргызстан 19-сентябрда аза күтөт. Улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Кыргызстандагы маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөрү токтотулат.Читать далее
Өлкөнүн Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу кайрымдуулук жардамдарын которуу үчүн бирдиктүү эсеп ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Реквизиттер: Алуучу: Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Алуучу банк: МФКР Борбордук Казыналыгы Казыналык системасындагы алуучунун эсеби: 4409021103005073 БИК 440902 – (МКП, ВКП) БИК 440001 – банктар аркылуу […]Читать далее