Бүгүн Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү

 Бүгүн Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү

 Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында башталган чек арадагы куралдуу кагылышууда курман болгондорго байланыштуу Кыргызстан 19-сентябрда аза күтөт. Улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Кыргызстандагы маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөрү токтотулат.

Связанный пост