Бийлик өкүлдөрү чек арадагы куралдуу кагылышуудан жараат алган бейтаптардан кабар алышты

 Бийлик өкүлдөрү чек арадагы куралдуу кагылышуудан жараат алган бейтаптардан кабар алышты

Бүгүн, 19-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жараат алып, Ош облустук аймактык ооруканасында жана Ош облустук балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жарандардан кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, Бакыт Төрөбаев жана Зиядин Жамалдинов жарандар жана балдар менен баарлашып, мамлекет тарабынан колдоо жана жардам берилерин билдиришти.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунун ар кандай жараат алган 6 тургуну Ош облустук аймактык ооруканасына, ал эми 17 бала Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Связанный пост