Тажикстандын кол салуусунан Баткенде жалпы 282 турак жай талкаланып, өрттөнгөн

 Тажикстандын кол салуусунан Баткенде жалпы 282 турак жай талкаланып, өрттөнгөн

Тажикстандын кол салуусунан Баткенде жалпы 282 турак жай талкаланып, өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Бакытбек Чамашев билдирди.

Анын айтымында, учурда Баткен шаары, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган турак жайларды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

“Жалпы 282 турак жай, үч стратегиялык объект, тогуз социалдык объект, 300гө жакын чарба курулуштар, жашоо-тиричилик камсыздоо объектилери талкаланып, өрттөнгөн. Бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн, анткени комиссия ишин улантууда”, – дейт ал.

Чамашев кошумчалагандай, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен облусу боюнча 136 миң 770 адам эвакуацияланды. Анын ичинен Баткен районунан 54 миң 684, Баткен шаарынан 25 миң 600 , Лейлек районунан 56 миң адам көчүрүлгөн.

Связанный пост