Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда

 Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда

Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 18-сентябрдан 29-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.

Связанный пост