Баткенде ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

 Баткенде ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда, – деп кабарлайт ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек району боюнча ички иштер органдарынын башка укук коргоо органдары жана мамлекеттик уюмдар менен бирге ыкчам өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-аракеттерди, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоону координациялоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын Ички иштер министрликтиринин өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында Канибадам-Ходжент унаа жолунун чек ара тилкесинде күнү-түнү биргелешип күзөтүүнү макулдашты.

Бийбосунов Лейлек районунда Кыргызстандын жана Тажикстандын Ички иштер министрликтеринин 30дан ашык кызматкеринен турган биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Милиция кызматкерлери укук бузууларды жана чагымчылдыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана кошумча тартылган күчтөр коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда.

Связанный пост