Дайынсыз болуп аткан 4 жаран тик учак менен Баткенге алынып келинди

 Дайынсыз болуп аткан 4 жаран тик учак менен Баткенге алынып келинди

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам дайыны чыкпай жаткан Кыргызстандын 4 жараны табылып, тик учак менен Баткенге алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары болушкан, куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, бекинип жатышкан.

“Табылган 4 ак-сайлыктардын арасында кары адам болгондуктан алар тик учак менен Баткенге алып келинди”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткенде куралдуу кагылыштан кийин 4 жарандын дайыны чыкпай жатканы тууралуу кабарланган.

Связанный пост